Венесуэлада уранды астынан эне жана ымыркай куткарылды

Дүйнө Загрузка... 29 Июнь 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-06-29 at 17.44.02.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Венесуэлада жер титирөөдөн улам ураган имараттын урандыларынын алдынан эне менен анын тогуз айлык ымыркайы аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө-куткаруу иштерин АКШнын USA-01 тобу жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр менен биргеликте жүргүзгөн. Урандылардын алдынан чыгарылган эне менен бала жеңил жаракат алышкан.

Эскерте кетсек, Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан кийин 430га жакын афтершок болгон.

Өлкө бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны 1 450 адамга жетти. Ошондой эле 3 238 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн турак жайлар, инфраструктуралык объектилер жана ооруканалар жабыркады. Учурда өлкөнүн башкы аэропортунун иши убактылуу токтотулган.