Ватикан Рим папасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына 50дөн ашуун президент катышарын айтты

Дүйнө Загрузка... 25 Апрель 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-04-25 at 14.56.19.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Ватикан Рим папасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына 50дөн ашуун президент катышарын айтты. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.

Маалыматка караганда, Ватикандын Протоколдук кызматы 130дай мамлекеттин делегациясы келерин белгилеген. Алардын ичинде 50дөй өлкөнүн жетекчиси жана 10дой монарх бар.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва, Аргентинанын президенти Хавьер Милей, Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШ президенти Дональд Трамп, Польшанын президенти Анжей Дуда жана башка мамлекет башчылары келерин билдиришкен. Россиядан маданият министри Ольга Любимова барары айтылды.

Рим папасы менен коштошуу зыйнаты эртең, 26-апрелде өтөт.