Ван Гогдун 88 сүрөтү көргөзмөгө коюлду

Дүйнө 16 сентябрь 2026 09:00
Ван Гогдун 88 сүрөтү көргөзмөгө коюлду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Нидерланддардагы Крёллер-Мюллер музейинде Винсент Ван Гогдун коллекциясынан 88 сүрөт көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, сүрөтчүнүн толук коллекциясы дээрлик 40 жылдан бери көрсөтүлө элек болчу. Көргөзмөгө коюлган чыгармалардын арасында "Картошка жегичтер", "Түнкү кафе террасасы" жана "Нюэнендеги эски мунара" бар.

Крёллер-Мюллер музейи Ван Гогдун чыгармаларынын дүйнөдөгү эң ири коллекцияларынын бирине ээлик кылат. Бирок, сүрөтчүнүн бардык сүрөттөрүнүн бир убакта көрсөтүлүшү өтө сейрек кездешет.

Музей учурдагы көргөзмө акыркы он жылдыктардагы эң ири Ван Гог көргөзмөлөрүнүн бири экенин белгиледи.

Сүрөтчү чыгармачылык жолунда болжол менен 900 сүрөт тарткан. Винсент Ван Гог 1890-жылы 37 жашында каза болгон.

"Ван Гог: Биздин бардык сүрөттөрүбүз" деп аталган көргөзмө январь айына чейин уланат.