Экономист: Валютаны өз алдынча чыгаруу экономикалык кубаттуулуктун белгиси

Экономика Загрузка... 27 Март 2026 22:20
photo_5458493526292237881_x-1.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26 /Кабар/. Валюта чыгаруудагы өз алдынчалык экономикалык өнүгүүнүн белгиси. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров УТРКга билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн улуттук валютаны өзү чыгара баштаганы абдан жакшы көрүнүш.

“Бул бир гана техникалык жетишкендик эмес, биздин эгемендүүлүк алгандан берки экономикалык күчүбүздү көрсөтүп жатат. Мурун валютабызды чет жакка барып чыгарткандыктан, чыгымдарыбыз да көп болчу. Ал эми азыр өзүбүз чыгара баштаганыбызды Борбор Азиядагы биздин стратегиялык жетишкендигибиз деп атасак болот. Мындай жол менен коопсуздугубузду коргоп жатканыбыз — эң жакшы жетишкендиктердин бири”, — деп белгиледи экономист.