Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 2026-жылдын тогуз айында республикалык бюджеттен Талас облусуна 8 млрд 638 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген.
"2021-жылы Талас облусунун бюджети 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы бекитилген бюджеттин көлөмү 1 млрд 268 млн сомго жетти. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп", — деди президент.
Ошондой эле ал Талас шаарынын өздүк кирешеси 2021-жылы 150 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 331 млн сомго жетип, 2,2 эсеге өскөнүн белгиледи.
Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 9 айында Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо, инфраструктурасын жакшыртуу жана тиешелүү объекттерди оңдоо максатында республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн.
Ал эми Талас районунун өздүк кирешеси 2021-жылдагы 202 млн сомдон 2025-жылы 541 млн сомго чейин көбөйгөн.