Таласта "Жерүй" ГЭСтер каскадынын курулушу башталды – президент

Экономика
Таласта "Жерүй" ГЭСтер каскадынын курулушу башталды – президент

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Талас районунда кубаттуулугу 24 мегаватт болгон "Жерүй" ГЭСтер каскадынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мындан тышкары, "Калба" ГЭСинин долбоору каралууда. "Жерүй" ГЭСтер каскадын кошкондо, жалпы кубаттуулугу 31,6 мегаватт болгон бул долбоорлорду 2028-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда.

Ошондой эле Бакай-Ата районундагы "Үрмарал" чакан ГЭСин жакынкы мезгилде ишке киргизүү пландалган. Ал эми "Бала-Саруу" ГЭСи иштеп, аймакты электр энергиясы менен камсыздоого салым кошуп келет.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу аймак тургундарын электр энергиясы менен камсыздоого жана жаңы өндүрүштөрдү ачууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.