Узак жашоонун сырлары: улгайган кезде ден соолукту кантип сактоо керек?

Маек Загрузка... 01 Октябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бүгүн Кыргызстанда Карылар күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай медицина илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун геронтология курстарынын башчысы Гүлмира Баитова “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстандагы улгайган жарандардын ден соолугунун актуалдуу маселелерин, заманбап медициналык ыкмалар активдүү жашоону узартууга кандайча жардам берип жатканын, өлкөдө геронтологиялык кызматтарды өнүктүрүүгө кандай чаралар керектиги тууралуу айтып берди.

- Учурда Кыргызстандагы улгайган адамдардын ден соолугунда кандай көйгөйлөр бар?

- Биздин өлкөдө улгайган адамдар көбүнчө жугуштуу эмес өнөкөт ооруларга чалдыгат: жүрөк-кан тамыр патологиясы (гипертония, жүрөктүн ишемиялык оорусу), кант диабети, остеоартроз, остеопороз. Ошондой эле жашка байланыштуу когнитивдик бузулуулар, анын ичинде деменция да кеңири таралган. Өзгөчө региондордо адистештирилген медициналык жардамдын жетишсиздиги негизги көйгөй болуп саналат. Айта кетишибиз керек, каржылык кыйынчылыктан улгайган адамдар үзгүлтүксүз текшерилип, дарыланбай калышат.

- Заманбап медициналык ыкмалар улгайган адамдардын активдүү жана сапаттуу жашоосун узартууга кантип жардам бере алат?

- Бүгүнкү күндө биз комплекстүү мамилени, биринчи кезекте өнөкөт ооруларды, өзгөчө жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана эрте диагностикалоого басым жасашыбыз керек, анткени алар бардык өлүмдөрдүн дээрлик 52%ын түзөт. Скрининг, дары-дармек менен дарылоо эл аралык стандарттар боюнча жасалышы зарыл, бул өз кезегинде кан басымды, кантты жана холестеринди көзөмөлдөөгө жардам берет. Өлкө инсульттун кесепетинен улам катталган өлүмдүн көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда тургандыктан, инсульт жана инфаркттан кийин реабилитациялык программалар абдан маанилүү. Өлкөдө геронтологиялык кызматты өнүктүрүү зарыл, анда дарыгерлер ооруну гана эмес, жалпы жашоо сапатын, социалдык активдүүлүгүн жана психологиялык бакубаттуулугун да баалашат.

- Улгайганда ден соолукту бекемдөө үчүн кандай алдын алуу чараларын эң натыйжалуу деп эсептейсиз?

- Көптөгөн сунуштар бар, бирок негизгилерин кыскача санап кетейин:

  1. Күн сайын 30 мүнөттүк физикалык активдүүлүк (жөө басуу, гимнастика, көнүгүүлөрү) жыгылып кетүү коркунучун азайтып, жүрөк-кан тамыр системасын жана когнитивдик функцияларлы жакшыртат.
  2. Кан басымынын мониторинги жана үзгүлтүксүз скрининг - гипертония/кант диабетин эрте диагностикалоо жана контролдоо оорулардын курчуп кетишин олуттуу түрдө азайтат.
  3. Когнитивдик активдүүлүк жана окуу – окуу, хоббилер, санариптик сабаттуулук курстары когнитивдик резервди колдоого көмөктөшөт.
  4. Социалдык катышуу – үй-бүлөлүк байланыштарды сактоо жана коомдук долбоорлорго катышуу депрессияны азайтат жана жашоонун сапатын жакшыртат.
  5. Туура тамактануу жана жаман адаттардан алыс болуу – жетиштүү жашылчаларды/белокту камтыган диета, тузду колдонууну азайтуу, тамеки, спирт ичимдиктеринен баш тартуу.

- Пандемия жана учурдагы чакырыктар улгайган калктын ден соолугуна кандай таасирин тийгизди?

- Пандемия улгайган калктын ден соолугу үчүн "стресс-тест" болуп, медициналык жана социалдык-психологиялык көйгөйлөрдү күчөттү. COVID-19 пандемиясы карыларга өзгөчө катуу таасирин тийгизип, өлүмдүн жогорку деңгээли, өнөкөт оорулардын татаалдашы жана обочолонуу депрессия менен тынчсыздануу ооруларын күчөттү. Көптөгөн адамдардын физикалык активдүүлүгү төмөндөп, саркопениянын өнүгүшүн тездетип (булчуң массасынын жоголушу), жалпы ден соолукту начарлатты. Мындан тышкары, пандемия учурундагы медициналык жардамдын үзгүлтүккө учурашы өнөкөт ооруларды башкарууну кыйындаткан. 2021-жылдан бери COVIDден кийинки мезгилде бизге реабилитацияга комплекстүү мамилени, медициналык жардамды, психологиялык колдоону жана социалдык программаларды талап кылган, пост-COVID синдрому бар көптөгөн улгайган бейтаптар кайрылышты. Мен геронтолог катары геронтология жана гериатрия курстарында дарыгерлерге пост-COVID синдрому боюнча лекцияларды окудум.

8f97f3a9-dc6b-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

-Кыргызстанда улгайган адамдарды комплекстүү колдоо программалары барбы жана алар иш жүзүндө кандай иштейт?

-Ооба, мамлекеттик жана коомдук демилгелер бар, мисалы Бишкек шаарында жана аймактарда улгайган адамдар үчүн үй-интернаттар жана күндүзгү борборлор, долбоорлор аркылуу ишке ашырылып жаткан үй шартында социалдык тейлөө программалары (медициналык жана тиричилик жардам көрсөтүү) бар. Коомдук уюмдар активдүү карылыкты колдоо боюнча - ден соолук клубдары, ийримдер, санариптик сабаттуулук боюнча тренингдерди уюштуруп келишет. Бирок чын-чынына келгенде аз санда гана. Системалуу геронтологиялык кызматтар азырынча жок, көптөгөн программалар донорлордун жана бейөкмөт уюмдардын колдоосунан көз каранды.

Улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өкмөт 2019–2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекиткен. КММКДКЖИнин билим берүү иш-чараларын ишке ашырууда жана илимий-изилдөө иштеринде аткаруучу болгон.

Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун глобалдык күн тартибине кошулуп, улгайган адамдардын ден соолугу жана жашоо сапаты боюнча эл аралык демилгелерди колдоодо. Учурда өлкөдө “Дени сак картаюу он жылдыгы” (Decade of Healthy Ageing, 2021–2030) программасынын негизги принциптери жайылтылууда. Улгайган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү (ICOPE – Integrated Care for Older People) ыкмаларын киргизүү, улуттук стратегиялар менен иш-аракеттер планын түзүү, ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик “Активдүү карылык программасын” даярдоо каралууда. Бул демилге учурда талкуу баскычында турат.

-Азыр геронтология жаатында кайсы изилдөө темалары эң актуалдуу?

-Кыргызстан үчүн айрыкча бийик тоолуу шарттардагы картаюу, өнөкөт оорулар, психикалык саламаттык, социалдык обочолонуу, санариптик теңсиздик жана узак мөөнөттүү кароо системаларын камтыган биомедицинаны, социологияны жана демографияны айкалыштырган изилдөөлөр маанилүү. Азыркы учурда КММККЖИдеги геронтология жана гериатрия курстары “Кардионеврологияда мультиморбиддүүлүк, алдын алуунун, дарылоонун жана реабилитациялоонун натыйжалуу жолдору, улгайган курактын өзгөчөлүктөрү” деген темада илимий-изилдөө ишин жүргүзүп жатышат. Бул долбоор Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланууда жана өлкөбүз үчүн өтө актуалдуу болуп саналат.

fab5963e-a74d-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

-Узак жана активдүү жашоо үчүн кандай адаттарды пайдалуу деп эсептейсиз?

-Мен, геронтолог катары “Активдүү карылык” клиникалык-коомдук түшүнүк катары жөн гана “узак жашоо” дегенди билдирбестигин айткым келет. Бул — адам үчүн баалуу болгон нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк берген функционалдык жөндөмдөрдү сактоо, негизги муктаждыктарын канааттандыруу, мобилдүү болуу, коомдук жашоого катышуу, каалоосу боюнча окуу жана иштөө. Башкача айтканда, бул – саламаттык, коомдук жашоого аралашуу жана коопсуздуктун айкалышы.

Ал эми узак жашоо жана активдүү болуу үчүн, өзгөчө деле эч нерсе кылуунун кереги жок. Бала кезден баштап күн сайын өзүңүзгө кам көрүү үчүн кичинекей кадамдарды жасоо гана маанилүү.

Эң негизгиси кыймыл. Тез басууга же көнүгүү жасоого күчүңүз жетпесе да, короодо бир аз сейилдөө, багбанчылык, эртең мененки көнүгүүлөр жүрөктү жана муундарды жакшы формада кармоого жардам берет. Организм кыймылды жакшы көрөт. Канчалык көп кыймылда болсок, өзбүздү ошончолук жаш сезебиз. Күн сайын 30 мүнөттүк орточо дене кыймылы (жөө басуу, гимнастика, тең салмактуулук жана көнүгүүлөр) жыгылып кетүү коркунучун азайтат. Жүрөк-кан тамыр саламаттыгын жана акыл-эстин иштешин жакшыртат.

Туура тамактануу да маанилүү. Рациондо жашылча-жемиш, жаңгак, сүт азыктары, балык болушу керек. Оор, майлуу жана куурулган тамактар азыраак болгону жакшы. Жөнөкөй, бирок ар түрдүү жана ченеми менен тамактануу организмге керектүү нерселердин баарын берет. Айрыкча ысыкта же абасы кургак тоолуу жерлерде жетиштүү суу ичүү абдан пайдалуу.

Уйку — узак жашоонун дагы бир сыры. Жаткан жана турган убакытты болжол менен бир калыпта кармоо, кеминде жети саат уктоо — бул күчтү калыбына келтирип, акыл-эсти тунук кармоого жардам берет. Руханий (жан дүйнө) саламаттыктын да мааниси чоң. Туугандар, достор, кошуналар менен баарлашуу, коомдук жашоого катышуу – мунун баары жалгыздыктан жана депрессиядан коргойт. Карылар өзүн керектүү сезип, балдарга жана неберелерге тажрыйбасын үйрөтүп, кол өнөрчүлүк, бакча иштерин же кубаныч алып келген башка иш-аракеттер менен алектенип жүргөнү абдан жакшы. Айрыкча зыяндуу адаттар жөнүндө айтуу керек. Тамеки чегүү жана алкоголду ашыкча колдонуу активдүү жашоонун жылдарын олуттуу кыскартат. Ошондуктан алардан баш тартуу же жок дегенде минималдуу деңгээлге түшүрүү зарыл.

Андан тышкары дагы бир маанилүү эрежe — дарыгерге үзгүлтүксүз барып туруу. Эч жериңиз оорубаса да, жылына бир жолу ооруну алдын алуу максатында текшерүүдөн өтүү ооруларды өз убагында аныктоого жана жашоо сапатына зыянын тийгизбөөгө жардам берет.

Жыйынтыгында узак жашоонун сыры жөнөкөй: кыймылда, туура тамактан, адамдар менен байланышта болуп, дарыгерге убагында кайрылыңыз. Бул адаттар жашоону узартып гана тим болбостон, аны дагы бакубаттуу жана толук кандуу кылат. Баарыңыздарга узак жана активдүү жашоону каалайм!