Үй-бүлөлүк зомбулук: Бир жылда Бишкекте 120дан ашык кылмыш иши козголду

Укук тартиби Загрузка... 23 Февраль 2026 11:30
1669618119_14982417_125_0_1192_800_1920x0_80_0_0_19faf6f1440b16792ceb3e5ef5e6150a-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпы 123 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4 кылмыш иши "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен козголуп, сотко жиберилген. 119у үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан башка беренелер менен козголгон. Анын ичинен 89у аялдарга карата, 15и жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар.

Ошондой эле бул аралыкта ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жалпы 2671 протокол, убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо боюнча 223 протокол толтурулган.

Белгилей кетсек, аялдарга карата зомбулуктун деңгээлин баалоонун эл аралык стандарттарына ылайык, “үй-бүлөлүк абал/мамиле абалы”, “үй-бүлө жана нике маселелери” категориялары мыйзамдарда каралганы менен көпчүлүк үй-бүлөлөр каада-салттар, жашоо шарттарынын төмөндүгүнүн, турмуш тиричилиги, көп учурда жолдошторунан көз карандылыгы жана башка себептер болууда.