Усман Дембеле 2025-жылдын “Алтын тобун” алды

Дүйнө Загрузка... 23 Сентябрь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-09-23 at 15.43.38.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Усман Дембеле 2025-жылдагы "Алтын топтун" ээси болду. Бул тууралуу UEFA`нын расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Эркектер арасындагы башка футбол сыйлыктары Ламин Ямаль, Луис Энрике, Виктор Дьекереш жана Жанлуижи Доннаруммага ыйгарылды.

2025-жылдагы "Алтын топтун" ээси аталган Усман Дембеле "Пари Сен-Жермен" жана Франция курама командасынын чабуулчусу катары белгилүү.

Дембеле “ПСЖга” биринчи жолу Еврокубокту жеңүүгө жардам бергенден кийин УЕФАнын Чемпиондор лигасынын сезонунда мыкты оюнчу аталды. Ошондой эле ал командасынын чемпионаттагы жана Франция кубогунун жеңиштеринде негизги ролду ойногон.

"Алтын топ". Алдыңкы ондукка кирген футболчулар:

  1. Усман Дембеле (Франция, "Пари-Сен-Жермен)
  2. Ламин Ямаль (Испания, "Барселона)
  3. Витинья (Португалия, "Пари Сен-Жермен)
  4. Мохамед Салах (Египет, "Ливерпуль")
  5. Рафинья (Бразилия, "Барселона")
  6. Ашраф Хаким (Марокко, "Пари Сен-Жермен)
  7. Килиан Мбаппе (Франция, "Реал")
  8. Коул Палмер (Англия, "Челси")
  9. Жанлуижи Доннарумма (Италия, "Пари Сен-Жермен)
  10. Нуну Мендеш (Португалия, "Пари Сен-Жермен")

Айтана Бонмати аялдар арасында үчүнчү жыл катары менен "Алтын топту" жеңип алса, Ламин Ямаль дагы бир жолу эркектер арасында Копа кубогун жеңип алды. Яшин кубогу Жанлуижи Доннаруммага ыйгарылды, ал эми Виктор Дьекереш Герд Мюллердин кубогуна ээ болду.

Белгилей кетсек, 69 жолу өтүп жаткан сыйлык тапшыруу аземи 22-сентябрда Париждеги Шатле театрында өттү. "Алтын топ" 1956-жылдан бери France Football тарабынан жыл сайын ыйгарылып келет жана футболчунун эң мыкты жетишкендиктерин жана өзгөчө талантын баалай турган эң абройлуу сыйлык болуп эсептелет.

Быйылкы сыйлыктар УЕФА менен France Football жана L'Équipe медиа компанияларына ээлик кылган Groupe Amaury ортосундагы кызматташтыктын алкагында экинчи жолу тапшырылды.