USAID`дин чет өлкөлөрдөгү дээрлик бардык кызматкерлери сентябрга чейин жумуштан бошотулат

Дүйнө Загрузка... 02 Апрель 2025 11:28
WhatsApp Image 2025-04-02 at 07.53.59.jpeg

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. USAID`дин чет өлкөлөрдөгү дээрлик бардык кызматкерлери сентябрга чейин жумуштан бошотулат. Бул тууралуу Коммерсант гезити Reuters агенттиги билдиргенин кабарлады.

Маалыматка караганда, Илон Маск жетектеген Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаменти сентябрга чейин АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) структураларында иштеген дээрлик бардык кызматкерлерин жумуштан бошотууну тапшырган.

29-мартта Мамдепартамент Конгресске USAID`ди кайра уюштуруу планы жөнүндө кабардар кылган.

Сентябрга карата USAID`дин чет мамлекеттердеги бардык кеңселери жабылат. Уюмдун айрым функциялары Мамдепартаментке өткөрүлүп берилет.

Иштен бошотуу тууралуу билдирмелер 10 миңден ашык кызматкерлерге, ошондой эле 600 дипломатка жана аткаминерлерге жөнөтүлөт. Учурда миңдей кызматкер эмгек өргүүсүнө жиберилип, андан ары жумуштан бошотулду. 5 миңдей программа токтотулду.

USAID 1961-жылы түзүлгөн. Уюм 60тан ашык өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Каражаттардын басымдуу бөлүгү гуманитардык жардамга жана саламаттык сактоо программаларына сарпталат.