Уран Темирбеков Улуттук инвестициялык фонддун башкы директору болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 19 Май 2025 14:55
WhatsApp Image 2025-05-19 at 13.37.55.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Уран Темирбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун башкы директору болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимди Улуттук инвестициялык фондунун директорлор кеңеши кабыл алды.

Уран Темирбеков буга чейин Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун жетекчиси кызматын аркалап келген.

Ал аймактарда экономиканы өнүктүрүүгө жана социалдык долбоорлорду колдоого багытталган бир катар маанилүү демилгелерди ишке ашырган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 19-июнунда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.