Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бишкекте “Жаштык” дирекциясынын спорт базасында өтүп жаткан Универсиаданын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 4 жогорку окуу жайдан 20дан ашык студент катышты.
Жалпы командалык эсепте биринчи орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери ээлесе, экинчи орунду К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери багындырды. Ал эми үчүнчү орунду И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттери камсыздады.