Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Умра зыяратын уюштуруудагы алдамчылыкка шектелип, "Нур Умра Трэвел" туристтик компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, компаниядан жолдомо сатып алган Кыргызстандын 100дөн ашык жараны Ташкент шаарындагы эл аралык аэропортто зыяратка уча албай калган.
Алдын ала маалымат боюнча, алар "Умра" тиркемесине каттоодон өткөрүлбөстөн, Өзбекстан аркылуу сапарга жөнөтүлгөн. Ошондой эле зыяратчылар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар биринен кошумча 100 доллар талап кылганын билдиришкен.
Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда ишке тиешеси бар документтер жана акча которуулар боюнча квитанциялар алынган.
1983-жылы туулган компания жетекчиси М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жабыркагандардын саны жана келтирилген чыгым такталып, тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстан аркылуу Умрага жөнөгөн 100дөн ашык кыргызстандык Ташкентте калып калганы маалымдалган. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, Тышкы иштер министрлиги "Нур-Умра Трэвел" компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу маселесин көтөргөн.