Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата юбилейлик медаль даярдалды – сүрөт

Коом Загрузка... 30 Апрель 2025 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. КМШ мамлекеттеринде 2025-жыл Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгы деп жарыяланган жана шериктештик өлкөлөрүндө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын комплекси даярдалган.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы 1941-1945" бирдиктүү юбилейлик медалын белгилөө жөнүндө чечимин ишке ашыруу максатында Коргоо министрлигинин кадрдык иштер башкармалыгы бул медалдын эскизин иштеп чыгып, КР министрлер кабинетине сунушталган. 

Эскизди карап чыгып, министрлер кабинети өзүнүн токтому менен 2025-жылдын 3-апрелинде №176  токтому менен "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы 1941-1945" юбилейлик медалын бекитти.

Медаль колодон жасалып, 999 үлгүсүндөгү алтын жалатылган. Айрым элементтер түстүү кызыл эмаль менен капталган (pantone 1788х). 

Сүрөт куюу жана штамптоо ыкмасы менен nfhnsksg, 3 D эффектин камсыз кылат. Медалды бекитүү төөнөгүчтүн жардамы менен ишке ашырылат. Медаль кызыл түстөгү жибек муар лентасы менен капталып, анын ортосунда алтын түстөгү эки тилке жана Кыргыз оюму жайгашкан.

Юбилейлик медаль Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин, баатырдыгын сыйлоонун символу болуп, ошондой эле Мекенди коргоочулардын муундарынын жолун жолдоочулугун символдоштурат.

"80 жыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 1941-1945 жыл" медалы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тапшырылат.