Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Лондондо 85 жаш курагында Улуу Британиянын эң бай адамы, белгилүү ишкер Гопичанд Хиндуджа дүйнө салды. Ал Индиядагы эң ири автоунаа чыгаруучу Ashok Leyland Ltd компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянып, РБК билдирди.
Маалыматка ылайык, Гопичанд Хиндуджа узакка созулган оорудан кийин көз жумган. Ал 1940-жылы жарык дүйнөгө келген. 1959-жылы университетти бүтүргөндөн кийин үй-бүлөлүк бизнеске кошулган.
1980-жылдары Хиндуджа энергетика жана инфраструктура тармактарын жетектеп, Ashok Leyland жана Gulf Oil International компанияларын конгломераттын курамына кошкон.
2023-жылы улуу агасы Шричанд Хиндуджанын каза болгондон кийин, ал Hinduja Group компаниясынын төрагасы болуп дайындалган. Учурда компаниянын жалпы наркы 35 миллиард фунт стерлингди (45,7 млрд долларды) түзөт.
Hinduja Group дүйнө боюнча 38 өлкөдө иш алып барат жана анын курамында 200 миңден ашык кызматкер эмгектенет. Конгломераттын ишмердүүлүгү салматтыкты сактоо, авто унаа куруу, энергетика, медиа жана банк иши сыяктуу тармактарды камтыйт.