Улуу Британияда шайлоо жашы 16га түшүрүлөт

Дүйнө Загрузка... 18 Июль 2025 09:05
WhatsApp Image 2025-07-18 at 08.38.04.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 18.07.25 /Кабар/. Улуу Британияда шайлоо жашы 16 жашка түшүрүлөт. Мындай чечимди аталган өлкөнүн өкмөтү шайлоо системасын реформалоонун алкагында кабыл алып жаткандыгын, Интерфакс агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, өкмөт бул чараны дүйнөнү өзгөртүү процессине демократиялык катышууну бекемдеп, Британиядагы демократияга болгон ишенимди калыбына келтирүүгө жардам берет деп түшүндүрдү.

Буга чейин минималдуу добуш берүү жаш курагы 18 жаш болчу.

1969-жылга чейин Улуу Британияда 21 жаштан жогору адамдар гана шайлоого катыша алчу.

Мындан сырткары, өкмөт шайлоого катышуу документтеринин тизмесин дагы кеңейтти. Ага банктык карта жана ардагердин күбөлүгү сыяктуу документтер киргизилди.

Улуу Британияда кийинки парламенттик шайлоо 2029-жылы өтөт.