Улуу Британияда музейден коло дооруна таандык алтын жасалгалар уурдалды

Дүйнө 20 ноябрь 2025 11:11
Улуу Британияда музейден коло дооруна таандык алтын жасалгалар уурдалды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Улуу Британиянын Кардифф шаарындагы улуттук музейден коло дооруна таандык алтын жасалгалар уурдалды. Бул тууралуу Telegraph басылмасына таянып, РИА Новости билдирди.

Учурда укук коргоо органдары шектүүлөрдү издеп жатышат.

Коло дооруна таандык бир нече баалуу экспонат Ыйык Фаган улуттук тарых музейинин башкы имаратынан уурдалган. Алардын арасында Поуис жана Гвинед аймактарынан табылган төрт алтын билерик, коло дооруна таандык дагы бир нече алтын жасалгалар болгон.

Окуя 1948-жылы Ыйык Фаган сепилинин аймагында ачылган Кардиффтеги музейде болгону айтылат.