Улуу Британияда 12 жаңы шаар курулат

Дүйнө Загрузка... 29 Сентябрь 2025 12:20
WhatsApp Image 2025-09-29 at 11.03.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Жакынкы жылдары Улуу Британия турак жай тартыштыгы маселесин чечүү маскатында 12 жаңы шаар курат. Бул тууралуу Лейбористтик партиянын конференциясында өлкөнүн премьер-министри Кир Стармер билдиргенин, Коммерсант жазды.

Маалыматка ылайык, премьердин айтымында, алгачкы үч шаардын курулушу кийинки шайлоого чейин башталат. Жаңы шаарларды куруу демилгеси лейбористтердин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча кеңири планынан алынган. Бийлик башындагы бул партия буга чейин 2029-жылга чейин 1,5 млн жаңы үй курууну убада кылган.

Ошондой эле өкмөт жарыялаган пландарга ылайык, ар бир жаңы шаарда кеминде 10 миң үй болот. Анын 40% жеткиликтүү турак жай, ал эми тең жарымы социалдык турак жай катары пайдаланылат.

Курулуш жүргүзүлө турган аймактар ар түрдүү болуп, ири шаарлардын чет жакасынан тартып, чакан калктуу конуштарды камтыйт. Өкмөт Бедфордшир, Лидсти жана Лондондун түндүк четиндеги аймактарды эң ылайыктуу жерлер деп атады.