Бишкек 22.07.25 /Кабар/. 23-июлдан тарта Улуу Британия дүйнөдө биринчи жолу мыйзамсыз миграцияны уюштургандарга каршы атайын санкциялык режимди ишке киргизет. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Дэвид Лэмми жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматта белгиленгендей, санкцияга ылайык мыйзамсыз миграцияга тиешеси барлардын мүлкү тоңдурулуп, Британиянын банк системасынан ажыратылып, өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.
Министр бул чараларды "Британиянын чек арасын коргоонун жана миграциялык бандаларды жоюнун бир бөлүгү" деп атады. Санкциялар мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн адамдарга, анын ичинде кайык жеткирүүчүлөргө, жасалма документ жасоочуларга жана акча которууга көмөктөшкөн ортомчуларга да тиешелүү болот.
2018-жылдан бери Британия Ла-Манш аркылуу мыйзамсыз миграция кризиси менен күрөшүп келет. 2025-жылдын алты айында эле 20 миңден ашуун мигрант өлкөгө мыйзамсыз кирген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 36,8 миңди түзгөн деп айтылат маалыматта.