Аномалдуу ысык: Улуу Британия жана Испания тарыхтагы эң ысык күндөрдү өткөрүүдө

Дүйнө Загрузка... 25 Июнь 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-06-25 at 09.04.41.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Улуу Британия менен Испанияда абанын температурасы рекорддук деңгээлге жетип, тарыхый көрсөткүчтөр жаңыланды. Бул тууралуу Известия билдирет.

Улуу Британиянын Суррей графтыгында абанын температурасы 35,7 градус болуп, июнь айындагы эң жогорку көрсөткүч катары катталды. Буга чейин мындай ысык аба ырайы 1976-жылы 35,6 градус өлчөмүндө болгон.

Ал эми Испаниянын метеорологиялык кызматтары июнь айында өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы 40 градустан жогорулап, түндүктөгү Кантабрия аймагында 43,7 градуска чейин жеткенин кабарлашты.

Эксперттер Батыш Европаны каптаган катуу ысык адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилешүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Европа өлкөлөрүндөгү аномалдуу ысык мектептердин жабылышына алып келип, калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

Анын айтымында, Европада температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсе ылдам өсүүдө.