Бишкек, 11.07.25./Кабар/. Франциянын Eutelsat спутник оператору Улуу Британиянын өкмөтүнөн 163,3 млн евро инвестиция тартты. Бул тууралуу Интерфакс аталган компанияга шилтеме кылып жазды.
Илон Масктын Starlink компаниясы менен атаандашкан Eutelsat июнь айынын аягында француз өкмөтүнөн жана башка инвесторлордон 1,35 млрд евро алган. Андан кийин бир айга жетпеген убакыт ичинде компания дагы 1,5 млрд евро инвестиция тартты.
Eutelsat чогулган капиталды карызды кайра каржылоого, ошондой эле Жердин төмөн орбитасында (LEO) спутниктердин санын көбөйтүүгө колдонууга ниеттенүүдө.
Француз өкмөтү 30%га жакын үлүшү менен Eutelsat`тын эң ири акционери, Индиянын Bharti Space Limited компаниясы экинчи орунда, Улуу Британия дээрлик 11% үлүшү менен үчүнчү орунда турат.