Улуу Британия электромобилдерге 2,9 млрд евро инвестициялоону пландоодо

Дүйнө Загрузка... 28 Июль 2025 10:12
WhatsApp Image 2025-07-28 at 09.23.36.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Улуу Британия өкмөтү 2035-жылга чейин электромобилдерге 2,9 миллиардга жакын еврону инвестициялоону пландоодо.

ЕSG news маалымдагандай, долбоор Соода жана өнөр жай министрлиги тарабынан электромобилдердин рыногунун өсүшүн колдоо үчүн иштелип чыккан.

Улуу Британия 2035-жылга чейин бензин жана дизель менен жүрө турган унааларды сатууну токтотууну камынып жатат. Бирок электромобилдерге дүйнөлүк суроо-талап алгачкы күтүүлөрдөн артта калды, анткени керектөөчүлөр көбүнчө электромобилдерге өтүүдө негизги тоскоолдук катары баасынын жогору болгонун айтышууда.

Соода жана өнөр жай министрлиги 2030-жылга чейин илимий-изилдөө жана иштеп чыгууга 2 млрд фунт стерлинг сарптамакчы, 2035-жылга чейин дагы 500 млн фунт стерлинг бөлөт. Каражаттар жумуш орундарын түзүүгө жана электромобилдер чөйрөсүндөгү инновацияларды өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Апрелде Улуу Британия унаа өндүрүүчүлөргө электромобилдерди чыгарууга өтүү талаптарын жеңилдеткен, бул өнөр жайга болгон басымды басаңдата турган кадам, анткени көптөгөн унаа өндүрүүчүлөр АКШнын импорттук тарифтерине туш болушат.