Бишкек, 25.03.06. /Кабар/. Улуттук футбол академиясына ФИФА Таланттар академиясы макамы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, академиянын статусун тастыктаган атайын тактаны ФИФАнын жогорку көрсөткүчтөр программасынын жетекчиси Ульф Шот КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстан ФИФАнын Таланттарды өнүктүрүү программасынын пилоттук өлкөлөрүнүн бири болуп тандалган. Ошондон бери өлкөдө футболду өнүктүрүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында аталган макам расмий түрдө берилди.
Учурда академияда 87 жаш футболчу машыгууда. Аларга атамекендик жана чет элдик тажрыйбалуу адистер сабак беришет. Иш-чара ФИФАнын Таланттарды өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Белгиленгендей, бул макам ФИФА менен болгон тыгыз кызматташтыктын натыйжасы болуп саналат. Алдыда өлкө боюнча таланттарды аныктоо системасын өнүктүрүү, жаш оюнчулардын эл аралык тажрыйбасын кеңейтүү жана машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу иштери улантылат.