Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Улуттук банк жарандарды төраганын атын жамынган шылуундардан сак болууга чакырат.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, белгисиз адамдар Улуттук банктын жетекчилигинин атын жамынып, коммерциялык банктардын мурдагы жана азыркы төрагаларына билдирүүлөрдү жөнөтүп, мыйзам менен көйгөйлөр жаралгандыгын кабарлашууда.
Адамды ынандырыш үчүн шылуундар Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана башка кызматкерлердин чыныгы сүрөтүн көрсөтүшүүдө. Андан кийин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери, деп тааныштырган адам байланышка чыгып, тезинен акча которууну суранат.
Буга байланыштуу Улуттук банк алар шылуундар экендигин эскертет!
"Эч убакта мындай өндүү билдирүүлөргө ишенбеңиз, шектүү маалыматтарды расмий булактардан текшериңиз, эч кандай учурда бейтааныш адамдарга акча которбоңуз.
Эсиңизде болсун, Улуттук банк эч качан телефон аркылуу жарандардан жеке маалыматтарын сурабайт, ошондой эле “коопсуз” эсеп деген шылотоо менен эч убакта акча которууну сунуштабайт.
Улуттук банк жарандарга эсеп ачыпайт, физикалык тараптарга тейлөө жүргүзбөйт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.
Этият болуңуз! Өзүңүздү алдаганга жол бербеңиз!
Коомдук кабылдаманын номери (312) 61-04-86", - деп айтылат маалыматта.