Улуттук банк төрагалыгына жана финансы министри кызматына жаңы талапкерлер каралат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Март 2026 11:50
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев парламенттин жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына жана финансы министри кызматына сунушталган талапкерлерди бекитүү тууралуу билдирди.

Ал парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиевге кайрылып, аталган талапкерлерди макулдашуу маселесин күн тартибине киргизүүгө уруксат берүүнү суранды.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев жана финансы министри Алмаз Бакетаев ээлеген кызматтарынан кеткени белгилүү болду.