Улуттук банк жылдын эң ири валюталык интервенциясын жасады

Экономика Загрузка... 23 Декабрь 2025 10:36
1000047671.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Күн мурун Улуттук банк ички валюта рыногуна 179,5 млн доллар сатып, 2025-жылдагы эң ири интервенция жүргүздү.

Финансылык жөнгө салуучу органдын сайтында маалымдалгандай, 106,5 млн доллар келишим түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 73 млн доллар башка күнү эсептешүү шартында сатылган.

Бул үстүбүздөгү жылы жүргүзүлгөн сегизинчи интервенция болуп саналат.

2025-жылдын башынан бери Улуттук банк валюта рыногуна жалпысынан 853 млн доллар сатты. Ошол эле учурда быйылкы жылы кайра сатып алуу (тескери) интервенциялары жүргүзүлгөн жок.