Улуттук банк: Жаштардын дропперликке тартылуу коркунучу жогору

Экономика 22 сентябрь 2026 14:50
Улуттук банк: Жаштардын дропперликке тартылуу коркунучу жогору
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда киберкылмышкерлер тарабынан дроппер катары тартылуу коркунучу жогору болгон негизги топ — 25 жашка чейинки жаштар (дроппер - өзүнүн банктык карталарын же эсептерин кылмышкерлердин акча которууларын кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн берген адам). Бул тууралуу Cybernomad Fest-2026 фестивалында Улуттук банктын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мусуралиев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарлардын ушул категориясына өзгөчө көңүл буруу боюнча сунуштарды жөнөткөн.

"Жаштарды кылмыштуу схемаларга тартылуудан коргоо үчүн банктарга "Кардарыңды бил" (KYC) текшерүү жол-жоболорун күчөтүү жана эсептерге белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү сунушталды. Учурда жаңы карталар боюнча операцияларга лимиттерди киргизүү маселеси да каралууда. Муну менен катар тобокелдик профилдери түзүлүп, алдамчылык операцияларга талдоо жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Мусуралиевдин белгилешинче, көйгөй комплекстүү мүнөзгө ээ болгондуктан, Улуттук банктын базасында мамлекеттик органдардын, банктардын, байланыш операторлорунун жана интернет-провайдерлердин катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Мындан тышкары, Улуттук банк Ички иштер министрлиги менен биргеликте бирдиктүү антифрод системасын киргизүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын долбоорунун үстүндө иштеп жатат.

"Окуучуларды жана студенттерди "оңой акча табуу" сунуштарынан сактануу жана банк карталарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертүү максатында Улуттук банк өлкөнүн билим берүү мекемелерине профилактикалык материалдарды жөнөткөн. Кибергигиена жана финансылык сабаттуулук боюнча түшүндүрүү иштери Улуттук банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында жер-жерлерде жүргүзүлүүдө", - деди ал.