Уланмырза Карыпбаев Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болду — Кабар

Уланмырза Карыпбаев Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болду

Кадрлар жана дайындоолор 24 август 2025 14:24
536523638_1069898435301912_3231525009496398230_n (1).jpg
536270464_1069898675301888_641960987746628121_n.jpg
536273140_1069898561968566_6755736070444056823_n.jpg
536691572_1069898555301900_8031826470720701304_n.jpg
537862609_1069898505301905_7867608384464033770_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 24.08.25. /Кабар/. Уланмырза Карыпбаев С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Уланмырза Карыпбаевди театрдын жамаатына министр Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, албан ийгиликтерди жана даңгыр жол каалады.

Уланмырза Карыпбаев 2014-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы студиянын бүтүрүүчүсү. 2020-жылы Санкт-Петербургдагы Россия мамлекеттик театр искусствосу институтун «театралдык режиссура»адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап жана Екатеринбург мамлекеттик театр институтунун «Маданият жана искусство тармагындагы менеджмент» адистиги боюнча кесиптик кайра даярдоо курстарын бүтүргөн.

Бул жылдар аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Түштүк Кореянын театрларында 45ке жакын спектакль койгон.