Улан Сариев Жогорку Кеңештин депутаты болду

Жогорку Кеңеш 14 апрель 2026 15:25
Улан Сариев Жогорку Кеңештин депутаты болду

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичке № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

БШКдан билдиришкендей, Улан Сариевге белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Эске салсак, Улан Сариев Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келди.