Улан Ниязбеков ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору менен жолукту

Коом 541 28 Январь 2025 15:50
474530465_1003846288431039_4712780454238009768_n.jpg
474062348_1003846258431042_4000175218571573289_n.jpg
475116212_1003846321764369_2134504928005365462_n.jpg
475509789_1003846261764375_2118880394141926558_n.jpg
Алдыга
Артка
474530465_1003846288431039_4712780454238009768_n.jpg
474062348_1003846258431042_4000175218571573289_n.jpg
475116212_1003846321764369_2134504928005365462_n.jpg
475509789_1003846261764375_2118880394141926558_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө ШКУнун Антитеррордук түзүмү учурдагы дүйнөдө, өзгөчө Борбор Азияда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, бекемдөөдө маанилүү экениндигин баса белгиледи.  

"Ар кандай коркунучтарга каршы турууда аймактын, анын ичинде өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылууда сиздин көп жылдык тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз менен биргелешип, натыйжалуу ийгиликтерге жетишебиз", -деди министр.

Ошондой эле ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып, жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.