Монголиянын Улан-Батор шаарында Манас көчөсү пайда болот

Коом Загрузка... 01 Апрель 2026 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Монголиянын Улан-Батор шаарында Манас көчөсү пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгынын муниципалдык деңгээлдеги учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Содном Ганхуяг акыркы эки жылда Бишкек шаарынын ыкчам өнүгүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, ал Улан-Батор шаарындагы көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын берүү пландалып жатканын билдирди.

Монголия Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш экени, ал эми Бишкек менен Улан-Батор шаарларынын ортосундагы кызматташтык муниципалдык деңгээлде өнүгүп жатканы айтылды.

Эки өлкөнүн тарыхый-маданий жакындыгынын далили катары борбор калаадагы көчөлөр менен тилкелердин аталыштары, анын ичинде Дамдин Сухэ-Батор атындагы көчө, ошондой эле Монгол жана Дархан тилкеси мисал катары келтирилди.