Украинадагы кырдаал. АКШ менен Россиянын өкүлдөрү Сауд Аравияда жолугушары айтылууда

Дүйнө Загрузка... 17 Февраль 2025 12:14
WhatsApp Image 2025-02-17 at 08.33.24.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. АКШ менен Россиянын өкүлдөрү Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн жолугушат. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги Axios порталына таянуу менен кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, жогорку кызматтагы аткаминерлердин жолугушуусу эртең, шейшембиде Сауд Аравияда өтөт.

Америка тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стив Уиткофф катышары айтылууда.

Ал эми россиялык делегациянын курамы азырынча белгисиз экени, такталбаган маалыматтарга ылайык тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат деп белгиленип жатат.

NBC телеканалы өз булактарына таянып, Украинанын Сауд Аравиядагы жыйынга катышуусу каралбаганын билдирген.