УКМК уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектүү ишкерди кармады

Укук тартиби Загрузка... 17 Декабрь 2025 11:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. УКМК уюшкан кылмыштуу топторду системалуу түрдө каржылаган деген шек менен ишкерди кармады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, С.К.К. аттуу жаран Ош облусунда өз таасирин арттыруу максатында криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгон. Ал маркум Камчы Асанбек (Көлбаев) жана Кадыр Досоновду туруктуу негизде каржылап, аларга ай сайын акча которуп турганы аныкталды.

Алардын колдоосу менен С.К.К. күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн.

Белгилей кетсек, К.Асанбек менен К.Досоновдун колдоосу менен С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга физикалык таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн "кызматтарына" кайрылган.

Жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.