Бишкек, 18.10.25. /Кабар/. Бишкекте террордук акт жөнүндө коркутуулардын автору кармалды.
УКМКнын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын аймагында террордук коркунуч тууралуу жалган маалыматтарды жайылтуу фактысы аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Украинанын Я.Овсюк аттуу жараны Telegram мессенжеринде “Ужас Бишкека” аталышындагы каналды ачып, анын атын кийинчерээк “АВЕРСИОН” деп өзгөрткөн. Анда Бишкектеги мектептерде жана соода борборлорунда болушу мүмкүн делген террордук актылар тууралуу маалыматтар активдүү таратылган.
Тактап айтканда, аталган Telegram каналында "ayana” лакап атындагы колдонуучу Бишкектеги соода борборлорун, тагыраак айтканда, ГУМ, ЦУМ, Бишкек Парк, Дордой Плаза, Asia Mall жана Tommy Mall соода борборлорун жардыруу ниетин билдирген аудио билдирүү калтырган. Бул көрүнүш Бишкек шаарынын тургундарын дүрбөлөңгө салган.
17-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында билдирүүнүн автору, КР жараны “Г.А.К.” кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК мындай аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келээрин эскертүү менен бирге, жарандарды, анын ичинде өспүрүмдөрдү террордук коркунучтарга байланыштуу жалган жана чагымчыл маалыматтарды таркатпоого, деструктивдүү мүнөздөгү ар кандай комментарийлерден алыс болууга чакырат.