Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Оор кылмыштар үчүн соттолгон Камчы Асанбектин (К.Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү С.Д.О. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жаран чет мамлекеттердеги кылмыштуу уюмдар менен байланышта болуп, кылмыш иерархиясында “мыйзамдагы ууру” статусуна чейин көтөрүлүүнү көздөгөн.
Кармоо жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө ок атуучу курал (1 даана Макаров тапанчасы), ошондой эле 4,57 грамм өсүмдүк тектүү баңгизат табылган.
Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, алынган ок атуучу куралдарга жана баңгизаттарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында С.Д.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.