УКМК чет өлкөлүк 12 жаран мыйзамсыз ишке орноштурулганын аныктады

Укук тартиби 12 ноябрь 2025 10:05
WhatsApp Image 2025-11-12 at 09.32.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-12 at 09.32.35.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-12 at 09.32.34.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-12 at 09.32.35.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бишкекте "Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган чет элдиктер Кыргызстандын аймагында туристтик визанын негизинде жүргөндүгү жана мыйзамсыз иштегени такталды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 66 миң сом, ал эми чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

УКМК иш берүүчүлөргө чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.