Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Угандада Эбола вирусунан бир адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып жазды.
Буга чейин Эбола вирусу Кампала шаарында жайылгандыгы аныкталган. Уганданын саламаттык сактоо министри Диана Антвин илдеттен бир адам көз жумганын кабарлаган.
Февраль айынан башында өлкөдө коркунучтуу оорунун 9 учуру тастыкталганы айтылган эле. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ошол айдан тартып Угандада Эболага каршы эмдөө жүрүп жатканын билдирген.
Эбола вирусун жуктуруп алган 4,5 жаштагы бала 25-февралда көз жумган. Муну менен Угандада бул оорудан экинчи адам каза болду.
Бул вирус жапайы жаныбарлардан адамга жугат. Анда дене табы көтөрүлүп, булчуңдар тартылып, баш жана тамак ооруйт. Бул белгилер бөйрөк жана боордун иштешинин бузулушу менен коштолот, кээ бир учурларда ички жана тышкы кан агуулар болот.