Хабаровскто учак борттогу түтүндөн улам кайра аэропортко конду

Дүйнө 4 март 2025 17:07
Хабаровскто учак борттогу түтүндөн улам кайра аэропортко конду

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Хабаровск-Аян каттамы боюнча учкан учак кайра аэропортко конду. Бул тууралуу Интерфакс Хабаровск транспорттук прокуратурасы билдиргенин кабарлады.

Маалыматка караганда, L-410 учагынын кайра артка кайтышына борттогу түтүн себеп болгон. Учакта 13 адам болгону, алардын 11и жүргүнчү экени айтылды. Окуяда эч ким жабыркаган эмес.

Учурда аба транспортунда коопсуздук эрежелеринин бузулгандыгын текшерүү боюнча тергөөгө чейинки иштер башталганы белгиленди.