Токсонунчу жылдары менчиктештирүүнүн шарданы менен жеке колго өтүп кеткен мамлекеттин мүлктөрү чекесинен мамлекетке кайтарылууда. Алардын бири “Кочкор” мамлекеттик асыл тукум заводу. Ишкана убагында меринос породасындагы уяң жүндүү койлорду багып, санын 42 миңге жеткирген. Ал учурда завод, фабрикалар иштеп, койдун жүнү, териси баалуу болгон. Андан шырдак, калпак, улуттук буюм-тайымдар жана баалуу кездемелер жасалып, жогорку суроо-талапка ээ болчу. 1990-жылдары бул чарба дагы чачырап кеткен. 2025-жылы жергиликтүү активисттер ишкананы кайра жандандыруу демилгесин көтөрүп, күз айлары менен чарба кайрадан өз ишин баштады. Азыркы тапта короодо 340 баш асыл тукум кой багылып жатат.
“Кабар” маалымат агенттиги чарбанын чабанын жана жетекчисин кепке тартты.
Рахат Калиев, фермер:
Ата-энем 30 жыл ак кой баккан. Мен дагы алардын жолун жолдоп, чарбада калып калдым. Мурда менчик мал бакчумун. Азыр мамлекеттикин багып жатам. Буюрса, чарбаны жандандыруу аракетин баштадык. Азыр менин короомдо 300 кой бар. Эртең менен 2 түк табигый чөп жеп, жайытка кетишет. Дагы 40 баш кой бар. Алар чабыр болуп калганына байланыштуу, өзгөчө шартта башка жакта багылып жатат.
Биздин жайыт таштак көрүнгөнү менен, бетегелүү, мал тоёт, этин кармап турат. Кар жааганда эле эртең менен чөп бербесек, негизгисин ушу кара тоодо эле оттойт. Буларды эт багытында өстүрөбүз жана жүнү баа. Бир килограммы эле 100 сомго чейин чыгат. Берки кыргыз койдун жүнүн 5-10 сомдон алышат. Меринос породасындагы койлорду жакшылап караш керек. Мисалы, убагында жайытка чыгарып, маал-маалы менен жем-чөбүн берип дегендей. Эң негизгиси, жакшы төлдөтүп алыш керек. Козулары мажүрөө болот. Жылаңач туулат. Туут учурунда сарайга меш коюп, от жагабыз. Эшик-терезелерди бүтөйбүз. Май айынан баштап октябрга чейин Кызарттын жайлоосунда жайлайбыз.
Ишкана түптөлгөн тарыхынан тарта 3 ирет талап-тоноого дуушар болгон. Алгачкы жолу союз кулаганда таланган. Экинчи ирет "жоогазын" ыңкылабында чабуул жасалган. Чарбанын түп-тамыры менен тонолушуна 2010-жылдагы революция жол ачып берген. Анда асыл тукум койлор гана менчиктештирилген эмес. Чарбага таандык 453 гектар айдоо жери менен кошо 4 сарай жеке колго өтүп кетиптир.
Мирбек Монкоев, “Кочкор” мамлекеттик асыл тукум заводунун жетекчиси:
Бул асыл тукум завод 1927-жылы түзүлүптүр. Чарба 1990-жылга чейин иштеп, малдын башы 42 миңге жеткен экен. Кийин колхоз тараган кезде, чарбада мал таланып, жери ижарага берилип, каралбай калыптыр. 2025-жылы менчикке чыгып кеткен жерлерди баланска кайтаруу иштери жүрдү. Күз мезгили менен 248 гектардын мамлекеттик актысын алып, артка кайтарып алдык. Күн жылыса эле, тоюттун камын көрө баштайбыз. Малды болсо ушул чарбанын башка филиалдарынан алып келдик. 150 баш козу-кочкор Таластан, 190 башты Ысык-Көлдөн беришти. Азыр бизде 340 баш кой бар. 2030-жылга чейин малдын башын 2000ге чейин жеткирели деген ниет коюп жатабыз.
Чарбанын иш баштаганына 4 ай болду. Ага таандык дагы 205 гектар жерди артка кайтаруу иштери жүрүп жатат. Учурда ишкананын балансында 4 сарай, эгин сактоочу 3 кампа жана бир кеңсе бар. Алар оңдоп-түзөөгө муктаж. Айыл чарба техникасын дагы сатып алуу керек. Завод мамлекеттин колдоосуна муктаж. Ушул эле чарбанын дагы 5 филиалы бар. Алар Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусттарында иш алып барышат.