Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын U-23 курама командасы Өзбекстандын U-23 командасы менен беттешип, 2:2 эсебинде тең чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, бул оюн 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо этабынын Е тайпасында өтүп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Эске салсак, 9-сентябрда Кыргызстан Шри-Ланка менен беттешет. Өз кезегинде Өзбекстан Палестинага каршы ойнойт. Эгер Борбор Азиянын эки командасы тең алдыдагы беттештерде жеңишке жетишсе, Сауд Арабияда өтө турган турнирдин финалдык баскычына жолдомо алышат.