U-20. Өзбекстан футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдыкты баштады

Спорт Загрузка... 16 Декабрь 2025 13:00
Z_15.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 16.12.25. /Кабар/. Өзбекстан 2027-жылы Азербайжан менен биргеликте өтө турган футбол боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатын (U-20) өткөрүүгө даярдык көрө баштады. Бул тууралуу тийиштүү токтом кабыл алынып, турнирди жогорку деңгээлде уюштуруу чаралары аныкталды.

Токтомдо ФИФАнын талаптарына ылайык стадиондорду жана машыгуу базаларын жаңылоо, катышуучулар менен күйөрмандар үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоо маселелери каралган. Турнирди Өзбекстан менен Азербайжанда өткөрүү чечими ФИФА кеңеши тарабынан 2025-жылдын 2-октябрында бекитилген.

Даярдык иштерин координациялоо максатында премьер-министр Абдулла Арипов баштаган Уюштуруу комитети түзүлдү. Комитет транспорт, медицина жана визаны, ошондой эле мелдеш объекттеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт.

Мындан тышкары, Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ФИФАнын аймактык кеңсесин ачуу пландалууда. Чемпионатка даярдыкты каржылоо 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик бюджетте каралып, турнирди кеңири чагылдыруу улуттук маалымат каражаттарына жүктөлдү.