U-20. Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Түштүк Африканы жеңди

Спорт Загрузка... 20 Январь 2026 09:45
b4796e7d-5dee-4f31-b2d9-3e3dde3cce14.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) дүйнө чемпионатында экинчи жеңишине жетишти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүүдө.

19-январда “Nomad Arena” муз аянтчасында экинчи турдун беттештери өтүп, кыргызстандык хоккейчилер Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) келген курама команда менен ойноду.

Кыргызстандын курама командасы ишенимдүү оюн көрсөтүп, атаандашын жеңип, дагы 3 упайга ээ болду. Буга чейин биринчи турда кыргызстандыктар Гонконгдун курама командасын да утуп алышкан.

Үчүнчү турдун беттештери 21-январда өтөт. Анда Кыргызстандын курама командасы Ирандын курама командасына каршы ойнойт.

Экинчи турдун жыйынтыгында Кыргызстан - Түштүк Африка Республикасын 7:2 эсебинде жеңди (3:0, 1:1, 3:1).