U-20. Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 12 Январь 2026 11:08
613548673_894640722909146_2953086829643000840_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарындагы “Бишкек Арена” көп функционалдуу аренасында хоккей боюнча (U-20) жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (III дивизиондун B тайпасы боюнча) өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары катышат.

Турнир Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен, Кыргызстандын хоккей федерациясы тарабынан уюштурулууда.