Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинети тарабынан демилгеленген дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу боюнча бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Ратификацияланган макулдашууларга ылайык, төмөнкү өлкөлөр менен визасыз режим киргизилет:
- Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия, Нидерланддар, Люксембург);
- Словения Республикасы;
- Оман Султанаты;
- Египет Араб Республикасы.
Талкуу учурунда депутаттар тышкы байланыштарды кеңейтүү үчүн дипломатиялык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле эл өкүлдөрү Кыргызстандын бардык категориядагы жарандары үчүн визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырышты.