Тындага жакын жерде кыйраган учакта тирүү калгандар табыла элек

Дүйнө Загрузка... 25 Июль 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-07-25 at 08.54.50.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Амур облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары бортунда 49 адам болгон Ан-24 жүргүнчү учагы кулаган жерге жетип, азырынча аман калгандарды таба элек. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргенин Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка караганда, Хабаровск - Благовещенск - Тында каттамы боюнча учкан "Ангара" авиакомпаниясынын Ан-24 жүргүнчү учагы 24-июлда Тында аэропортуна жакындап калганда радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк учак аэропорттон бир нече чакырым алыстыкта кулаганы аныкталган.

Учактын бортунда 43 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон.

Амур облусунда учак кырсыгына байланыштуу бардык кызматтардын ишин координациялоо үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды.