Бишкек 05.06.25 /Кабар/.Тынч океанда бараткан Morning Midas жүк ташуучу кемесинде өрт чыккан. Кемеде үч миңдей автоунаа жана жүздөгөн электромобилдер бар болгонун Bloomberg кемени башкарган эл аралык компания Zodiac Maritimeке таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта белгиленгендей, либериялык бул кеме Кытайдан чыгып Мексикага бара жаткан. Экипаждын өрттү өчүрүүгө кылган аракетинен майнап чыккан эмес. Кемедеги 22 адам коңшу жүк ташуучу кемеге эвакуацияланган.
Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз, жабыркагандар тууралуу маалымат берилген эмес.