Туура уктоо – узак жана сапаттуу өмүрдүн кепилдиги

Ден соолук Загрузка... 28 Сентябрь 2025 20:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Уйку адамдын ден соолугу менен жашоосунун сапатын аныктаган эң негизги факторлордун бири. Адистердин айтымында, туура уйку жетишсиз болгондо организм чарчап эле тим болбостон, жүрөк-кан тамыр ооруларынан тартып, психикалык бузулууларга чейин алып келиши мүмкүн. Ошондуктан туура уктоо эрежелерин сактоо – узак жана сапаттуу өмүрдүн кепилдиги болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-09-27 at 17.09.10 (1).jpeg

Дүйнөлүк эксперттердин билдирүүсүнө ылайык, дүйнө калкынын олуттуу бөлүгү сунушталган уйку нормасын сактабайт. Ал эми бул адамдардын ден соолугуна да, коомдук коопсуздукка да терс таасирин тийгизет.

Дүйнө калкынын 10–30%ы дайыма же мезгил-мезгили менен уйкусуздукка кабылат. Уйку жетишсиздиги жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун 48%га, кант диабетинин тобокелдигин 30–40%га жогорулатат. 5 сааттан аз уктаган адамдардын өмүрү орто эсеп менен 10–12%га кыскарат. Дүйнөдө жол кырсыктардын 20%ы уйку жетишсиздигинен болот. Ошондой эле ишканаларда өндүрүштүк кырсыктардын да негизги себептеринин бири – бул чарчоо жана уйкусуздук деп белгиленет.

WhatsApp Image 2025-09-27 at 17.09.37 (1).jpeg

Сапатсыз уйку эмнеси менен кооптуу деген суроого тажрыйбалуу сомнолог Владимир Пак төмөндөгүчө жооп берет:

“Адатта уйкунун узактыгы жаш курактан көз каранды болот. Эгер жаңы төрөлгөн ымыркайлардын же жаш балдардын уйку сааты - 16-18 саат болсо, чоң адамдардыкы орточо нормасы - 6-8 саат. Бирок ошол эле маалда ар бир адамдын уйкусу индивидуалдуу да болушу мүмкүн. Себеби, бир адамга 4-5 саат жетиштүү болсо, кайсы бир адамдар 10-12 саатта эс алышат.

WhatsApp Image 2025-09-27 at 17.05.35.jpeg

Ал эми уйку режимин туура сактоо үчүн бир саатта жатып, бир саатта турган оң. Уктап кетүүдө көйгөйү бар адамдарга жатар алдында гаджеттерди кароо, китеп окуу сунушталбайт. Андан сырткары уктоо режимин жакшыртууну каалагандарга сейилдеп келүү, тишти тазалоо, жеңил көнүгүү жасоо сыяктуу 2-3 көндүм жакшы жардам берет.

Уйкунун сапатсыз болушу - улам улам кайталана берчү сасык-тумоо, суук тийүү сыяктуу оорулар менен коштолгон иммунитеттин түшүшүнө, ал тургай адамда депрессиянын өөрчүшүнө алып келиши ыктымал".

WhatsApp Image 2025-09-27 at 17.11.46 (1).jpeg

Туура уйку үчүн 5 кеңеш:

  • Туруктуу режим – ар күнү бир убакта уктап, бир убакта ойгонууга аракет кылыңыз.
  • Экрандан алыс болуңуз – уйкуга 1 саат калганда телефон, телевизор, компьютерди колдонуу сунушталбайт.
  • Кечки жеңил тамак – уктар алдында оор же майлуу тамактарды жебей койгон оң.
  • Жайлуу шарт – бөлмөнү салкын, караңгы жана тынч кармаңыз.
  • Тынчтандыруучу адат – бир аз китеп окуу, медитация же жылуу душ жакшы уктоого жардам берет.

Сунушталган уктоо сааттары:

  • Чоңдор үчүн: 7–9 саат.
  • Өспүрүмдөр үчүн: 8–10 саат.
  • Балдар үчүн: 9–12 саат.

Ал эми уктоонун эң идеалдуу убактысы кечки саат 22:00–23:00 чамасында башталып, таңкы 6:00–7:00дө ойгонуу болуп саналат.