Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Стамбул шаардык полициясы алмаз контрабандасына байланышкан тергөөнүн алкагында Гранд-базарда рейд жүргүзүп, баасы 30 млн долларлык зер буюмдарды жана антиквариатты кармады. Бул тууралуу ABC телеканалына таянып, Известия агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, аталган операция өлкөгө баалуу таштарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракеттенген адамдар кармалгандан кийин башталган. Андан соң полиция XV кылымда курулган жабык базардагы 23 соода жайына тинтүү жүргүзүп, дагы 40 кишини кармаган.
Натыйжада 135 зер буюм, 1132 кымбат баалуу металл куймасы жана 267 тарыхый артефакт табылып, жалпы баасы 30,5 млн доллар деп бааланды. Мындан сырткары, ок атуучу курал-жарактар жана санариптик материалдар да конфискацияланды.
Гранд-базар – Түркиядагы туристтер эң көп баруучу жайлардын бири болуп, анда миңдеген чакан дүкөндөр жайгашкан. Ал султан Мехмед II Константинополду Византия империясынан тартып алгандан кийин негизделген.