31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азия тарыхында биринчи жолу UIM F1H2O сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионатынын "Кыргыз Республикасынын Гран-приси – Ысык-Көл 2026" этабы өтөт. Бул окуя өлкөдө азыртадан эле жылдын башкы спорттук иш-чарасы деп айтылууда.
Катышуучулардын жана коноктордун эл аралык курамы
25-июлдан тарта Кыргызстанга катышуучулар, спортчулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик коноктор келе баштады. "Манас" эл аралык аэропортунан UIM F1H2O уюмунун президенти жана негиздөөчүсү Николо ди Сан Жерманону, UIMдин президенти Раффаэле Кьюллини, ошондой эле Stromoy, Abu Dhabi, Sharjah, Atlantic, Maverick, Victory, CTIC жана башка командалардын өкүлдөрүн тосуп алышты. Мындан тышкары, Кыргызстанга эл аралык ЖМК өкүлдөрү, тартуу топтору, куткаруучу командалар жана мелдештин расмий коноктору келишти.
КР Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов бүгүнкү маалымат жыйынында 20га жакын эл аралык команданын жана дүйнөнүн мыкты пилотторунун катышуусу күтүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мелдешке 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү келет, ал эми коноктордун жалпы саны 25 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Туристтик имидж жана медиа камтуу
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов "Кабар" агенттигине билдиргендей, Ысык-Көлдө суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү Кыргызстандын туризм тармагынын сапаттык жактан жаңы, жогорку технологиялуу деңгээлге принципиалдуу өтүүсүн түшүндүрөт.
Анын айтымында, бул масштабдуу спорттук шоу республика тууралуу жөн гана жээкте эс алуучу аймак катары калыптанган адаттагы стереотиптерди талкалап, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүчү заманбап жана коопсуз борбору катары таанытууда.
"Жүздөгөн чет элдик күйөрмандардын келиши жана дүйнөлүк алдыңкы ЖМКлардын кырктан ашык өкүлүнүн жигердүү маегинин (ишинин) аркасында регион эбегейсиз күчтүү эл аралык медиа камтууга ээ болууда. Бул өз кезегинде бүткүл дүйнөдө Кыргызстандын узак мөөнөттүү таанымал бренди үчүн түздөн-түз иштейт", – деп баса белгиледи ал.

Экономикалык натыйжа жана бизнести колдоо
Эрденет Касымов кошумчалагандай, чемпионатка карата курулган капиталдык жээк жана транспорттук инфраструктура коопсуздуктун катаал эл аралык регламенттерине гана жооп бербестен, Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн узак мөөнөттүү актив катары калат.
"Төлөөгө жөндөмдүү чет элдик коноктордун көп келиши дароо экономикалык натыйжа берип, мейманкана секторун, коомдук тамактануу жана логистика тармактарын максималдуу түрдө жумуш менен камсыз кылууда. Дем алыш күндөрүн өткөрүүдөн түшкөн бардык пайда түз эле жергиликтүү экономиканын ичинде бөлүштүрүлүп, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө түрткү берет жана жээккеь жакын жашагандардын кирешесин бир топ жогорулатат", - деди агенттиктин директорунун биринчи орун басары.
Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоо
Эрденет Касымов белгилегендей, мындай жогорку технологиялуу спорт түрүн уникалдуу бийик тоолуу көлдүн экосистемасы менен айкалыштыруу Кыргызстан жаратылышка аяр мамиле кылуу менен бирге дүйнөлүк деңгээлдеги татаал мелдештерди өткөрүүгө жөндөмдүү экенин дүйнөгө көрсөтүүдө.
"Бул маанилүү окуя өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдөөдө чечүүчү ролду ойнойт. Борбор Азияда дүйнөлүк сериянын бийик тоолуу этаптарынын биринчисин өткөрүү мүмкүнчүлүгү эл аралык коомчулукка жана ири чет элдик инвесторлорго Кыргызстандын саясий туруктуулугун, коопсуздугун жана уюштуруучулук дараметин көрсөтүп турат", - деди ал.

Саясий мааниси жана стратегиялык статусу
Эрденет Касымов бул статус президент Садыр Жапаров тарабынан да баса белгиленгенин айтты. Мамлекет башчысы жарандарга жакында жасаган кайрылуусунда туристтик потенциалдын эбегейсиз өсүшүнө өзгөчө көңүл бурган. Эгерде мурда өлкөгө 2-3 млн адам келсе, азыр жылдык туристтик агым рекорддук 13 миллионго жетти. Президент бул көрсөткүчтөрдүн өсүшү экономиканын өнүгүшүн жана Кыргызстандын эл аралык аренада таанылышынын жогорулаганын түз айгинелей турганын белгилеген.
Агенттиктин директорунун биринчи орун басары бул контекстте суудагы "Формула-1" турнирин өткөрүү президенттин сөздөрүнүн иш жүзүндө ишке ашуусу болуп саналарын, Ысык-Көлдүн бай жаратылыш мурасын туруктуу экономикалык өсүшкө жана эл аралык кадыр-баркка натыйжалуу айландыра турганын баса белгиледи.
Экологиялык коопсуздук – көзөмөлдө
Эдуард Кубатов буга чейин "Кабар" агенттигине чемпионаттын этабынын Ысык-Көлдүн акваториясына тийгизген таасири көз карандысыз жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын алкагында бааланганын билдирген.
"UIM F1H2O сыяктуу жогорку деңгээлдеги мелдештер үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо талап кылынбайт. Бирок биз экологиялык темадагы кооптонууларга байланыштуу көз карандысыз уюмдардын жана мамлекеттик мекемелердин катышуусу менен экологиялык экспертиза жүргүздүк", – деген Кубатов.
Ал жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча чемпионат Ысык-Көлдүн экосистемасына олуттуу терс таасирин тийгизбестиги белгиленгенин айтты.
Ошондой эле ал суудагы "Формула-1" мелдеши 1981-жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын баса белгиледи. Бул убакыт ичинде мелдештер Лондон, Сингапур, Шанхай, Дубай, Санкт-Петербург жана Европанын башка ири шаарларында өткөрүлгөн. Анын айтымында, эгерде бул чемпионат алардын экологиясына жана суу ресурстарына кичине болсо да коркунуч туудурса, дүйнөнүн эң ири борбор шаарлары менен мегаполистери аны эч качан кабыл алууга макул болушмак эмес.

Бүгүнкү маалымат жыйынында Эдуард Кубатов уюштуруучулар экология маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди. Мелдеш башталаар алдында жана ал аяктагандан кийин абанын, суунун жана жээк аймагынын абалы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Анын айтымында, анализдердин жыйынтыгы ачык булактарга жарыяланат.
Маданий программа жана майрамдык маанай
Эрденет Касымов көптөн күткөн окуя марага жакындап калганын, эртең чемпионаттын масштабдуу программасы расмий түрдө башталарын айтты. Азыркы тапта жээкке спортчулар, жарыш командаларынын техникалык адистери, дүйнөлүк алдыңкы ЖМК өкүлдөрү жана ардактуу эл аралык коноктор келип жатышат. Анын айтымында, көрүүчүлөр жана катышуучулар үчүн толкунданткан спорттук бөлүк гана эмес, конокторду өлкөнүн каада-салты менен тааныштыра турган бай маданий программа да даярдалган.
"Аянтчада масштабдуу көргөзмө зонасы, улуттук жана европалык ашканасы бар түрдүү фуд-корт, ошондой эле бул күндөрдү дүйнөлүк деңгээлдеги грандиоздуу майрамга айландырган көптөгөн интерактивдүү көңүл ачуулар орун алат", – деп баса белгиледи Эрденет Касымов.
Ошентип, Ысык-Көлдө UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү жаркын спорттук окуя гана болбостон, Кыргызстан үчүн өзүнүн туристтик, экономикалык жана уюштуруучулук потенциалын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Эртең дүйнөлүк аудиториянын көңүлү мындай деңгээлдеги мелдешти биринчи жолу кабыл алып жаткан Ысык-Көлгө бурулат.