Турак жайды камсыздандыруу: чоң чыгымдардан коргогон инвестиция

Коом Загрузка... 12 Декабрь 2025 12:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстанда турак жайларды камсыздандыруу кызматы акырындык менен популярдуулукка ээ болууда. Камсыздандыруу менен өрт же табигый кырсыктар сыяктуу тобокелдиктерден коргонууга болот.

2016-жылдан тарта “Турак жайларды өрт жана табигый кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзам иштеп келүүдө. Бул мыйзамга ылайык, турак жайды милдеттүү камсыздандырууну “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” аткарууда.

-----------_2025-03-07_120415525.width-800.png

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында өлкө боюнча турак жайлар боюнча жарандарга 30 млн 561 миң 946 сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүлгөн.

Жалпы катталган 236 кырсыктан ичинен 145и өрттөнгөн турак жайлар. Бул багытта жарандарга 27 млн 580 миң 319 сом төлөнүп берилген.

Анын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөндөгүдөй:

  • Бишкек – 14 учур, төлөм – 5 млн 550 миң 291 сом;
  • Чүй облусу – 8 учур, төлөм – 1 млн 530 миң 594 сом;
  • Ош облусу – 62 учур, төлөм – 10 млн 465 миң 984 сом;
  • Жалал-Абад облусу – 41 учур, төлөм – 7 млн 856 миң 139 сом;
  • Баткен облусу – 13 учур, төлөм – 1 млн 636 миң 181 сом;

strahovka-dom.width-800.jpg
  • Талас облусу – 8 учур, төлөм – 666 миң 71 сом;
  • Ысык-Көл облусу – 39 учур, төлөм – 1 млн 640 миң 523 сом;
  • Нарын облусу – 51 учур, төлөм – 1 млн 216 миң 163 сом.

Учурда Кыргызстанда турак жайлардын 28,5%ы камсыздандырылган. Калган көпчүлүк турак жайлар камсыздандырылган эмес.

img_7824.width-800.jpg

Турак жайдын кайсы түрүн камсыздандырууга болот?

Жеке турак жайларды жана батирлерди же кыймылсыз мүлк катары катталган турак жайдын бардык түрлөрүн камсыздандырса болот:

  • Жеке турак үй
  • Турак жайдын бир бөлүгү;
  • Көп кабаттуу үйдөгү батир;
  • Коммуналдык батир;
  • Коммуналдык батирдеги бөлмө;
  • Атайын турак жай фондуна караштуу үйдүн бир бөлмөсү;
  • Мейманкана;
  • Мейманкана тибиндеги турак үй.

Камсыздандыруу коргоосу иштей турган кырдаалдар

Буга көптөгөн жагдайлар кирет. Аларга өрт жана ага байланышкан факторлор, мисалы, өрттүн себебинен башка жайларга келген зыяндар, ошондой эле суу менен байланыштуу чыгымдар кирет.

Ошондой эле табигый кырсыктар анын катарын толуктайт. Эгер мамлекеттик органдар тарабынан табигый кырсык коркунучу менен байланыштуу чечим чыгарылса, турак жайды мыйзамдуу негизде көчүрүү же коопсуз аймакка көчүрүү да камсыздандыруунун алкагында болот.

photo5211087905206940255.width-800.jpg

Камсыздандыруунун баасы

Айыл жергесинде турак жайды камсыздандыруу жылына 600 сом, ал эми шаарда 1 200 сом турат. Эгер үй толугу менен күйүп же ураган болсо, айылда 500 миң сом, шаарда 1 млн сом төлөнөт.

Маанилүү жагдай – камсыздандыруу үйдүн көлөмүнө эмес, жайгашкан аймакка карата аныкталат.

Эгер милдеттүү камсыздандыруу чыгымды толук жаба албаса, камсыздандыруу уюму менен макулдашып, кошумча эркин камсыздандыруу аркылуу каалаган сумманы тандап алса болот. Бул учурда эки полис берилет. Камсыздандыруу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

  • Камсыздандыруучунун паспорту;
  • Турак жайга ээлик кылган документ;
  • Турак жайдын техникалык паспорту.

Полис келишимге ылайык, 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

WhatsApp_Image_2025-07-09_at_17.2.2e16d0ba.fil.width-800.jpg

Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу төмөнкү учурларда милдеттүү болуп саналат:

  • Ипотекага турак жай алууда;
  • Жеке менчик ээсин каттаган учурда;
  • Мүлктү кепилдикке коюуда.

Бул талаптар аткарылбаган учурда учурда юридикалык жактан кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн.

Эмне үчүн жарандар турак жайын камсыздандыруудан качышат?

  • Камсыздандыруу компанияларына ишенбестик;
  • Төлөм төлөгүсү келбеген учурда;
  • Жарандарда камсыздандыруу жөнүндө маалыматтын аздыгы; өрт же табигый кырсык коркунучу аз деп ойлошот, өзгөчө шаар тургундары.
2504594.width-800.png

Жарандардын жоопкерчилигин жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек?

Турак жай ээлери өз үйлөрүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасашы зарыл:

  • Өрт жана түтүн датчиктерин орнотуу;
  • Электр зымдарын жана газ жабдууларын убагында текшерүү;
  • Үйдөгү тобокелдиктердин алдын алуу чараларын колдонуу.

Бул жоопкерчилик жалпы авариялык кырдаалды азайтып, башка жашоочуларга, коңшуларга жана бүтүндөй район-шаарга коопсуздукту камсыз кылат.